Шайлоо мыйзамдары өзгөртүлдү

0
460

Жогорку Кеңеш 6-октябрдагы элдик толкундоодон кийин парламентке өтүүнүн жол-жобосун жеңилдеткен мыйзам долбоорун кабыл алган. Бул мыйзамга мамлекет башчынын милдетин аткаруучу, өкмөт башчы Садыр Жапаров кол койду.

Шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору парламентте кызыл чеке талаш менен кабыл алынган.

Жогорку Кеңештин 21-октябрдагы жыйынында мыйзамдын авторлорунун бири, депутат Алтынбек Сулайманов шайлоо мыйзамын өзгөртүү 6-октябрда көчөгө чыккан жаштардын талабы болгонун белгилеп, долбоорду күн тартибине киргизиш үчүн айрым кызматташтары менен араздашканга чейин барган.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here