Түрк президенти кыргыз элине ыраазычылык айтты

0
375

Президент Садыр Жапаров 15-мартта Анкара шаарында Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушту.Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Өлкө лидерлери кыргыз-түрк эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун кеңири чөйрөсүн талкуулап, саясий, соода-экономикалык жана башка тармактарда байланыштарды чыңдоого өзгөчө көңүл бурушту.

Режеп Тайып Эрдоган Түркияда болгон жер титирөөнүн кесепеттерин жоюуга көрсөткөн жардамы үчүн кыргыз тарапка ыраазычылык билдирди. Мындан тышкары, ал көрсөтүлгөн гуманитардык, каржылык жардам жана кыргыз тараптан жөнөтүлгөн мобилдик оорукана үчүн ыраазычылык айтты. “Түрк эли үчүн бир тууган кыргыз элинен мындай колдоо күч-кубат берет”-деп белгилеген Түркия президенти.

Садыр Жапаров Түркия табигый кырсыктын кесепеттеринен тез арада калыбына келип, бул оор сыноодон татыктуу чыгарына ишенимин билдирди.

Эске салсак,  Мамлекет башчысы Түрк мамлекеттеринин уюмуна катышуучу-өлкөлөрдүн башчыларынын кезексиз саммитинин жыйынына катышуучу үчүн кечээ Анкарага барган.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here