Баткенде 1 миллион сомдон ашык контрабандалык жүк аныкталды

0
930

Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришкендей,  14-мартта Баткенде кыргыз жаранынын  башкаруусундагы «Hyundai Porter» үлгүсүндөгү унаа текшерүүгө алынып, кароодо автотранспорттун жүк бөлүгүнөн бажылык тариздөөдөн өткөндүгүн тастыктаган эч кандай документтери жок, 798 кап өлчөмүндөгү жез сынык калдыктары табылган.

Кармалган товардын жалпы салмагы 1967 кг, ал эми орточо базар баасы 1 млн 180 260 сомду түзгөн.

Факт боюнча чогултулган материалдар териштирүү иштеринин алкагында Баткен облусунун прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here