Баткенде 50 кызматкер балдардын укугун бузууга жол берген

0
669

Бул тууралуу “Салам Медиага” Баткен облустук прокуратурасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, өткөн жылы прокуратура кызматкерлери тарабынан мамлекеттик органдарга 77 текшерүү жүргүзүлгөн, анын натыйжасында балдарга карата укук бузуулар жаатында 211 мыйзам бузуу фактысы аныкталган.

Анын ичинен тогуз мамлекеттик кызматкерге эскертүү берилип, 50 кызматкер тартиптик жазага тартылган.

Алар өз кызматтык милдеттерин аткарууда балдардын укугу боюнча мыйзамдардын аткарылышында кемчиликтерди кетирген.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here