Түркиядагы сел 13 адамдын өмүрүн алды

0
372

Түркиянын түштүк-чыгышындагы Шанлыурфа провинциясында болгон сел 13 адамдын өмүрүн алды.Бул тууралуу Анадолу агенттиги жазды.

14-мартта Шанлыурфада нөшөрлөгөн жамгыр жааган. Облустун административдик борборунун бир катар көчөлөрүн жана проспектилерин сел каптаган.

Облустук өрткө каршы кызматынын маалыматы боюнча, Вейсел Карани кварталындагы имараттын жер төлөсүнөн болжол менен сириялык беш адамдын сөөгү табылган.

Нөшөрлөгөн жаандан улам, ар кайсы жайларда камалып  калган шаар тургундарын аныктоо иштери уланууда.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here