Милиция Баткенде  мал уурулуктун алдын алуу боюнча иш алып барууда

0
48

Баткен шаарында милиция кызматкерлери “Мал уурулук-Веткөзөмөл” аталышындагы иш-чаранын жүрүшүндө ветеринар жана санэпидемия кызматкерлери менен биргеликте шаардагы мал базарда кылмыштуулуктун жана мал уурулуктун алдын алуу жана болтурбоо максатында жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүздү. 

Иш чаранын жүрүшүндө кулагында биркасы жок ийри мүйүздүү малдардын ээлерине эскертүүлөр берилди. Мындан сырткары талаа-ташта мал жандыктарын кароосуз калтырбоо, короолорго кулпу салып, жарыктыктарды орнотуу жана уурулукка жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here