Зардалыга бара турган жалгыз унаа жолдун тар жерлери тазаланып, кеңейтилип жатат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов фейсбук баракчасына жазды.
Зардалы — Баткендин бийик тоолуу, жетүүгө кыйын зонадагы айылы. Учурда алыскы айылга алып барчу жол жыл сайын май-июнда ачылып, кыш түшкөндө жүрүүгө мүмкүн болбой калат.
Эске салсак, 29-сентябрында президент Садыр Жапаров Зардалыга болгон сапарында Зардалыга бара турган жолдун салынышы 2025-жылы жазында башталарын билдирген.