“Евразия” уюмунун колдоосу менен Баткен облусунун 25 жылдыгына карата Кызыл-Кыя шаарындагы Д.Карбышев №1 атындагы орто мектебинин имаратын капиталдык оңдоодон өткөрүү жана жаңы имаратын куруу пландалууда.
Ошондой эле, 1 гектар аянт да көрктөндүрүлүп, Раззаков шаарында борбордук стадион жана спорт залы бүткөрүлөт. Стадион эки гектар аянтты ээлейт жана 400 м узундуктагы чуркоо аянтчасын, волейбол аянтчасын, чоң футбол аянтчасын, узундукка секирүү аянтчасын жана 1800 көрүүчүгө ылайыкталган трибунаны камтыйт.