Баткендин Чет-Кызыл айылында беш тургунду жолбун ит тиштеди

0
39

Кечээ, 13-октябрда Баткен районунун Чет-Кызыл айылынын беш тургунун жолбун ит тиштеп, алар ооруканада даарыланып жатат. Бул тууралуу, Баткен ветеринардык башкармалыгынан билдиришти. 

13-октябрь кечки саат 20:00дөр чамасында Кара-Бак айыл аймагынын башчысы белгисиз ит тургундарды тиштегенин билдирген. Учурда башкармалык тарабынан жолбун иттерди атуу боюнча көрсөтмөлөр берилди.

Ал эми Баткен райондор аралык санэпид көзөмөл борборунун маалыматында иттен жабыркагандар Баткен облустук биргелешкен ооруканасында дарыланып жатат. Алар үч ай бою дарыгердин көзөмөлүндө болушат. 

Тургундарга кол салган жолбун ит атылып, анализдер лабораторияга жеткирилди.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here