Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Баткендеги башкармалыгынан билдиришкендей, Кадамжайда куткаруучулар арасында өздүк курамдын күжүрмөн, дене тарбиялык жана кесиптик билим деңгээлин жогорулатууга багытталган мелдештин облустук туру өттү.
Мелдешке Район-шаарлардын өзгөчө кырдаал бөлүмдөрү катышып, анда төрт кабаттуу машыгуу мунарасына илме шаты менен чыгуу, өрт өчүрүү күжүрмөн эсибин жайылтуу жана үч муундуу шаты менен чыгуу боюнча күч сынашты.
Иш-чара тилсиз жоо менен каршы күрөшүүдө өрт өчүрүүчү-куткаруучулардын ыкчам жана кесиптик чеберчилигин, тажрыйбасын арттырууга салым кошот.