Баткенде мамлекеттик туу жана ак калпак күнү белгиленди

0
885

Баткен шаарында мамлекеттик туунун кабыл алынгандыгынын 31 жылдыгы жана ак калпак күнү белгиленди. Иш чарага мамлекеттик кызмат өкүлдөрү, окуучулар, студенттер катышты.
Иш чара концерттик программа менен аяктады.

Белгилей кетсек, мамлекеттик туу Жогорку Кеңештин 1992-жылдын 3-мартындагы токтому менен бекиген.

Желектин бир түстүү кызылдыгы эрдикти жана тайманбастыктын символу, жаркыраган алтын күн бейкуттукту жана байлыкты чагылдырат, ал эми түндүк — үй кутунун символу, айлампага бириктирилген кырк нур байыркы кырк уруунун бирдиктүү Кыргызстанга бириккендигин айгинелейт.

Түндүк өлкөдө жашап жаткан элдердин биримдигинин символу, желектин кызыл түсү айкөл Манастын туусунун түсү болгон.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here