Баткендин лидер айымдары аскерлерден кабар алды

0
1390

Кечээ 23-февраль Баткен казыятынын аялдар жамааты тарабынан Ата-мекенди коргоочулар күнүнүн урматына жыл сайын өтүүчү “Апам жапкан нанды сагындым” өнөктүгү менен Баткендин Ак-Сай айылында кызмат өтөгөн жоокерлерге азык-түлүк жеткирилди. Бул тууралуу “Салам Медиага” Баткен облусттук казыятынын аялдар бөлүмүнөн кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Баткен районундагы жана шаарындагы аялдар комитеттери, лидер айымдары биргеликте Ак- Сай айылындагы аскер бөлүгүндөгү жоокерлерге 150 даана тандырга жабылган нан жана азык – түлүк жеткирип беришти.

Эми мындай акцияларды облустук деңгээлде жогорку масштабда уюштуруу пландалууда- деп айтылат маалыматта.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here