Баткенде аялдардын тилектештик курултайы өттү

0
925

Бүгүн 15-февралда Баткен шаарында облус аймагынан чогулган лидер аялдардын тилектештик курултайы өттү. Иш чаранын максаты лидер аялдардын башын бириктирүү, аялдарга байланыштуу коомдогу көйгөйлөрдү көтөрүү,алардын тилектештигин өнүктүрүү жана саясий активдүүлүгүн жогорулатууга салым кошуу- дейт уюштуруучулар.

Бул иш чара Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын алдында түзүлгөн аялдардын, балдардын укуктары жана гендердик теңчилик боюнча кеңештин колдоосу менен ишке ашууда.

Аялдардын тилектештик курултайында коопсуздук, алардын саясий процесстердеги ролу, экономикалык абалы тууралуу маселелер да айтылды.

Курултайда аймактагы саламаттыкты сактоо, экология маселелери да талкууланды. Жаштар Баткен облусуна экологиялык жактан таза, натуралдуу азыктарды саткан эко базарларды куруу маселесин да көтөрүштү. Анткени алар азык түлүктөр сатылган жайлардагы санитардык абал, калктын саламаттыгына терс таасирин тийгизүүдө деп тынчсызданышат.

Курултайдын негизги максаттарынын бири лидер аялдардын кызматташтыгы үчүн аянтча түзүп берүү болуп саналат.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here