“Түркияга жардам” атайын эсебине 17 млндон ашуун каражат топтолду

0
773

15-февраль саат 10:00гө карата Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркаган жарандар үчүн ачылган атайын эсепке 17 млн 838 миң 624,75 сом жана 13 миң 550 рубль түштү. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти.

Түркиянын жер титирөөдөн жабыркаган аймактарына жардам көрсөтүү максатында ачылган эсепке Кыргызстандын мамлекеттик органдарынын кызматкерлери бир күндүк маяналарын которууну улантууда-деп айтылат министрликтин маалыматында.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here