Түркияда жер титирөөдөн каза болгондордун саны 6 миңге жакындады

0
666

Бул тууралуу Түркиянын жергиликтүү басылмалары вице-президент Фуат Октайга таянып жазууда.

Маалым болгондой, азыркы учурда 5 миң 894 адам каза болуп, жабыркагандардын саны 34 миң 810 адамга жетти. Буга байланыштуу Түркияда кырсыктан каза болгондор үчүн жети күндүк улуттук аза күтүү жана жабыркаган 10 провинцияда үч айлык өзгөчө кырдаал жарыяланган.

Ал арада өлкө башчы Садыр Жапаров Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен 7-февралдын кечинде телефон аркылуу сүйлөшүп, кыргыз элинин атынан терең кайгыруу менен көңүл айтты.

Президент Садыр Жапаров ушул кыйын учурда Кыргызстан бир тууган Түркиянын жанында болгонун жана кошумча гуманитардык жардам түрүндө ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экенин баса белгиледи.

Буга чейин мамлекет башчынын тапшырмасы менен Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулар, медицина кызматкерлери, психологдор жана кинологдордон турган атайын тобу Түркияга жөнөтүлгөн.

Белгилей кетсек, Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн Кыргызстанда  бирдиктүү депозиттик эсеп да ачылды.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here