Коронавирус, эмдөө, өздүк гигиена: Мыкты ролик тарткан окуучулар смартфондорго ээ болушту

0
699

Бүгүн 7-февралда “Салам Медиада” Баткен облусундагы жети мектептин окуучуларынын арасында өткөрүлгөн сынактын жеңүүчүлөрүнө белектер тапшырылды.
Коронавирус, эмдөө жана өздүк гигиена боюнча мыкты видео ролик тарткан окуучулар смартфондорго ээ болушту.

Белгилей кетсек, өткөн жылдын декабрь айында, Юнисефтин колдоосу астында “Дааназат” Коомдук Фонду тарабынан Баткен облусунда ишке ашып жаткан “Балдардын жана аялдардын бакубатчылыгын, коопсуздугун камсыз кылуу” долбоорунун алкагында чек арада жайгашкан жана көп улуттуу орто мектептерде, маалыматтык жолугушуулар өткөн.

Анда мектеп окуучулары коронавирус жана эмдөөнүнүн мисалында медиа сабаттуулугун жогорулатышкан. Ошондой эле коронавирус, эмдөө жана өздүк гигиена боюнча дарыгерлер маалымат беришкен. Ал эми медиа тренерлер “смартфондо сапаттуу видео тартуу жана монтаждоо” боюнча окутуудан өтүшкөн.

Жыйынтыгында окуучуларга алган билимдерин бышыктоо максатында коронавирус, эмдөө жана өздүк гигиена боюнча видео ролик тартуу боюнча сынак жарыяланган. Бул боюнча мектеп окуучуларынан комиссияга 18 ролик келип түшкөн.Анын ичинде 7 команданын иши мыкты деп табылып, командалардын лидерлери сыйланды.

Сынакка маалыматтык жолугушуулар өткөн Баткен районунун Бото-Нарматов, А.Масалиев, Токтогул, Шарап Токсонов, Кара-Токой гимназия жана Лейлек районунун А.Навои, Ю.Гагарин орто мектептеринин окуучулары катышты.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here