Төрөт учурунда каза болгон энелердин жана балдардын саны азайган

0
536

Баткен облустук биргелешкен ооруканасынын төрөт бөлүмүнүн башчысы Махбуба Хусенованын маалыматында 2021-жылга салыштырмалуу узаган жылда Баткенде  төрөттөн улам көз жумган энелердин саны азайган.

2021-жылы 6 эне, 2022-жылда 5 эне төрөттөн каза болгон. Анын негизги себептери болуп аялдардын өнөкөт жана кошумча оорулары себеп болгон.

Ал эми облустук оорукананын ара төрөлгөн жана оорукчан балдар бөлүмүнүн башчысы Мастура Курбанованын маалыматында, облустук төрөт бөлүмүндө 2021-жылы 49 ымыркай чарчап калган болсо 2022-жылда 27 ымыркайга азайган.

Дарыгерлер бул көйгөйлөрдун алдын алуу үчүн кош бойлуулукту алдын ала пландаштыруу, кош бойлуу аялдар ар дайым дарыгердин көзөмөлүндө болуп, медициналык кароодон өтүп туруу керектигин эскертет.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here