Баткенде мыйзамсыз акча алмаштырган жарандарга айып салынды

0
873

Улуттук банк мыйзамсыз валюта алмаштырган акча алмаштыруучу жайга жана дагы эки жаранга айып салды.

Улуттук банкттан билдиришкендей, КР мыйзамдарынын талаптарын жана Улуттук банкттын нормативдик-укуктук актыларын бузган акча алмаштыруу жайына 55 миң сом өлчөмүндө айып салынды.

Ошондой эле Улуттук банктын лицензиясы жок, накталай чет өлкө валютасын алмаштырган Кыргызстандын эки жаранына Улуттук Банктын Баткен облустук башкармалыгы тарабынан 17 миң 500 сомдон айып салынды.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here