Пиязды экспорттоого тыюу салынды

0
547

Министрлер кабинети өлкө аймагынан пияздын бардык түрүн чек өлкөгө алып чыгууга убактылуу тыюу салган токтом кабыл алды. Бул тууралуу айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык бул токтом 31- январдан тартып үч айлык мөөнөткө күчүндө болот. Токтом мамлекеттин азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана социалдык маанидеги азык-түлүк бааларын турукташтыруу үчүн кабыл алынган.

Белгилей кетсек өткөн жуманын сонуна карай Баткен шаарында пияздын баасы 70 сомго чейин көтөрүлгөн. Анын себеби катары, облусттук монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги экспорттун өсүшү экендигин айткан. Анткени кошуна Өзбекстанда пияздын баасы 80-100сомго жогорулагандыктан, Кыргызстандан Өзбекстанга пияз экспортунун көлөмү өскөн.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here