Кадамжайда баңгизат сатып жүргөн жаран кармалды

0
696

Бул тууралуу областтык ички иштер башкармалыгынан кабарланды.

Облустук милициядан билдиргендей, ушул жылдын 11-январында Кадамжай районунун аймагында 53 жаштагы жаран баңгизатты сатууга кардар издеп жүргөндүгү боюнча ыкчам маалымат келип түшкөн.

Бул маалыматтын негизинде, атайын даярдалган жаранга шектүү баңгизат саткан. Бул баңгизатка соттук-химиялык экспертиза дайындалып, натыйжада ал “канабис чайыры” болуп чыккан.

Бул факты боюнча шектүүгө кылмыш иши козголгон.

Милиция баңгизат сатып жүргөн шектүү жарандын Кадамжай районунун А.Масалиев айыл аймагында жайгашкан үйүнө жана “Ош-Баткен” жолундагы ашканасына тинтүү иштерин жүргүзүп, анын натыйжасында аз өлчөмдөгү баңгизаттар табылып алынган. Бул баңгизаттарга соттук-химиялык экспертизалар дайындалып, “кургатылган марихуна” жана “канабис чайыры” баңгизаты экендиги аныкталган.

Топтолгон материалдардын негизинде шектүүгө соттун чечими менен 2 айлык мөөнөткө кармоо чарасы кабыл алынды. Учурда иликтөө иштери уланууда.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here