Кызын сабаган аял камакка алынып, үч баласы балдар үйүнө жайгаштырылды

0
2481

Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын алдындагы балдар иштери боюнча комиссиясынын чечиминин негизинде, кызын сабаган аялдын  үч баласы убактылуу мамлекеттин камкордугуна алынып, Кадамжай районунда жайгашкан “Кут Кадам” үй-бүлө тибиндеги балдар үйүнө жайгаштырылды.

Буга чейин маалым болгондой, 2023-жылдын 27-январында Кадамжай районунун 1984-жылы туулган тургуну милицияга  арыз менен кайрылып, анда  жарандык никеде жашап жүргөн аялы, 2021-жылы туулган  кызын уруп, зомбулук көргөзүп келгендигин билдирип, мыйзам чегинде чара көрүүнү суранган.

Тергөөнүн жүрүшүндө, аялы өзүнүн кызын  уруп, уюлдук телефонуна тартып жолдошуна WhatsApp аркылуу жибергендиги аныкталган.

Жаш балага  карата соттук-медициналык экспертизалар дайындалган.

Жогорудагы факты боюнча кылмыш иши козголгон. Кичинекей кызына карата зомбулук көрсөткөн аял  2023-жылдын 30-январь күнү аймактык милициянын  убактылуу кармоочу жайына 48 саатка киргизилген.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here