Өз кызын сабап, видеого тарткан аялга кылмыш иши козголду

0
3269

2023-жылдын 27-январында Кадамжай районунун тургуну 1984-жылы туулган жаран арыз менен милицияга кайрылган. Анда жарандык никеде жашап жүргөн аялы 1 жаш 11 айлык кызын уруп, зомбулук көргөзүп келгендигин билдирип, мыйзам чегинде чара көрүүнү суранган.
Маалыматка ылайык, Кадамжай районунун 39 жаштагы тургуну жарандык никеде жашаган аялы менен, 2021-жылдын 13-мартында кыздуу болушкан. 2023-жылдын январь айында экөө өз ара келише албай чогуу жашабай калышкан. Андан соң аялы 2023-жылдын 5-январында өзүнүн кичинекей кызын уруп, уюлдук телефонуна тартып жолдошуна WhatsApp аркылуу жибергендиги аныкталган.
Аталган факты боюнча жаш балага карата соттук-медициналык экспертизалар дайындалган.
Учурда  кылмыш иши козголуп, сотко чейинки тергөө амалдары жүрүп жатат.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here