Пияздын кымбаттоо себеби айтылды

0
2343

Баткен шаарынын базарларында пияздын баасы 70сомго чыкты. Акыркы бир жумадан бери 60 сомдон сатылып жаткан пияз, Баткен шаарындагы чоң базарда эки күн мурун 70 сомго чыкканын тургундар билдиришти.

Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин Баткен облусундагы башкармалыгынын маалыматында, пияздын баасынын жогорулоосуна, экспорт себеп болууда. Анткени кошуна Өзбекстанда пияздын баасы 80-100сомго жогорулагандыктан, Кыргызстандан Өзбекстанга пияз экспортунун көлөмү өскөн.

Мындан улам учурда Кыргызстандын Айыл чарба министрлиги, ички рынокто баасы өсүп жаткан азык түлүктөрдү өлкөдөн экспорттоону жабууну сунуштоодо деп кошумчалады, облустук монополияга каршы жөнгө салуу мекемесинен.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here