Чек арадан мыйзамсыз өткөн жаранга кылмыш иши козголду

0
10426

Баткен облустук милициясы облустун аймагында жүргүзүлгөн «Экстремист» операциясынын жүрүшүндө мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү фактысын аныктады.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө кармалган 1957-жылы туулган жаран , Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өткөн учурда кылмыш жаза кодексинин 378-беренесине ылайык, жаран бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына же 500дөн 1000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга, же эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here