Кагаз түрүндөгү патент жокко чыгарылды

0
819

Мамлекеттик салык кызматынан кабарлашкандай, 2023-жылдын январынан тартып патенттер электрондук түрдө гана таризделиши керек. Кагаз түрүндөгү патент жокко чыгарылды.

Маалыматка ылайык, патенттин негизинде иштеген жеке жактар жана жеке ишкерлер электрондук патентти алуу жана узартуу үчүн салык органдарына баруунун кажети жок. Salyk.kg сайтындагы «жеке кабинетке» кирүү жетиштүү.

«Жеке кабинет» аркылуу онлайн режиминде патент алуу жана анын колдонулушун узартуу менен гана чектелбестен, башка салык кызматтарынан да пайдаланууга болот.

Ошондой эле банктар, терминалдар же мобилдик капчыктар аркылуу электрондук патент үчүн төлөм жүргүзүүдө “Электрондук патентти” тандап, E-патент системасы тарабынан түзүлгөн төлөм кодун киргизүү керектиги белгиленет.

Маанилүү! Патент үчүн ИCН боюнча эмес, төлөм коду боюнча төлөө керек.

Мындан тышкары, салык төлөөчү электрондук патентти коммерциялык банктар, мобилдик байланыш операторлору аркылуу тариздеп жана төлөй алат.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here