Садыр Жапаров тышкы карызды жашыл долбоорлого алмаштырууну демилгеледи

0
1399

Өлкө башчысы Садыр Жапаров фейсбуктагы баракчасы аркылуу Кыргызстандын тышкы карызын «жашыл» долбоорлор боюнча демилгелерге алмаштырууну сунуштады.

Президенттин маалыматына таянсак, Кыргызстандын тышкы карызы 4,2 млрд АКШ долларынын тегерегинде.

Президент өз кайрылуусунда,

«Урматтуу өнөктөш өлкөлөр жана эл аралык өнүктүрүү каржы институттары!

Биздин өлкөдө ыш маселеси акыркы жылдарда эң актуалдуу көйгөйлөрдүн бири болуп калганын баарыбыз көрүп турабыз.

Азыр биз жашыл экономиканы өнүктүрүүгө ишенимдүү багыт алдык.
Дүйнө жүзү буга өзгөчө көңүл бурууда. Ошондуктан мен өлкөнүн тышкы карызын «жашыл» долбоорлор боюнча демилгелерге алмаштыруу маселесин жигердүү иштеп чыгууну тапшырдым.

Албетте, биз тышкы карыздарды төлөө боюнча милдеттенмелерибизди толук аткарып келе жатабыз жана мындан ары дагы аткарабыз, ага толук мүмкүнчүлүгүбүз бар. Болгону, жашыл экономиканы өнүктүрүү жана аны менен дүйнөлүк экологиялык кырдаалды жакшыртууга чогуу-чаран салым кошолу деген демилгени көтөрүүдөбүз.

Тышкы карызга төлөнө турган каражаттар “жашыл” долбоорлорду колдоого жумшалса жакшы болмок.

Бул багыттагы долбоорлорду донорлор менен өнүгүү боюнча өнөктөштөр эле каржыласын дегенден алыспыз. Аларды ишке ашыруу үчүн өзүбүз дагы каржылык жактан салым кошуп, ишке ашырып келе жатабыз жана ашырууга даярбыз” –деп белгиледи.

Өлкө башчысынын кайрылуусу толугу менен бул жерде.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here