ӨКМ: 11-январдан тарта катуу суук болуусу күтүлөт

0
1451

Кыргызстанда 11-январдан тарта аба ырайы кескин төмөндөп, кар жаап, жолдор тайгак болуусу күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

9-январдан тартып өрөөндөрдө абанын температурасы түнкүсүн -7…-12 градуска чейин төмөндөп, 11-январдан кийин андан да суук болот. Алсак, Чүй облусунда түнкүсүн абанын температурасы -25 градус болоору айтылды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алыскы жолго чыгууда дарылардын топтомун, ысык суу, жол азыгын, күрөк жана дөңгөлөк чынжырчасын алууну унутпоону эскертет.

Унаалардын ортосунда 500 метр аралык сакталуусу зарыл деп белгиленет маалыматта.
Күтүлүп жаткан аба ырайынын кескин төмөндөшүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев 5-январда атайын жыйын өтүп, өлкөнүн жети облусундагы бардык электр тармактары ишканалары алдыда күтүлүп жаткан суук аба ырайына даяр туруу керектигин билдирди.

Өзбекстанда бардык мектептерде, жогорку окуу жайларда кышкы каникулдун мөөнөтү 17-январга чейин узартылды. Ошондой эле бала бакчалар 10-18-январь күндөрү мөөнөтсүз тыныгууга чыгат. Бул тууралуу Билим берүү министрлиги кабарлады.

Ал эми Кыргызстанда азырынча окуучулардын каникулун узартуу тууралуу маалымат бериле элек.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here