Орусиянын ок атышууну убактылуу токтотуу сунушуна Киев жооп берди

0
2316

Орусия президенти Владимир Путин Украина менен ок атышууну 6-январда саат 12:00дөн баштап 7-январь саат 24:00гө чейин убактылуу токтотууну тапшырды. Бул тууралуу Кремлдин сайтында маалымдалды.

Орусия Украина тарапты да ок атууну токтотууну жарыялоого, элге Рождество маймарамында сыйынуучу жайларга барууга мүмкүнчүлүк берүүгө чакырды.

Маалыматта Владимир Путин бул боюнча Орусия патриархы Кириллдин бул убакытта элдешүү болсун деген кайрылуусун эске алуу менен коргоо министри Сергей Шойгуга тапшырма бергени айтылат.

Ал эми Украина президенти Владимир Зеленский өз кайрылуусунда Россиянын Рождестводогу тынчтык боюнча сунушун четке какканын РИА Новости жазып чыкты.
Ал «азыр Россия Рождествону коргонуу катары колдонушу мүмкүн, бир азга болсо да биздин аскерлерди Донбасс жакка жылдырбай тургусу келет. Аны менен катар техникаларын, ок дарыларын, мобилизация болгон аскерлерин биздин позиция жакка жакындатып алууну көздөп жатат», — деди.

Христиан динин тутунгандар Рождество майрамын 7-январда тосушат. Бул майрам христиан дининдеги эң чоң майрамдардын бири.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here