Элмирбек Иманалиевди эскерүү концерти өтөт

0
1166

«Айтыш » комдук фондунун төрагасы Асылбек Маратов иш-чара акындын туулган күнүнө карата уюштурулганын билдирди. Эскерүү иш чарасы 16-январда саат 18:00дө Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда өтөт.

Элмирбек Иманалиев 1978-жылы 17-январда Токтогул районунун Өзгөрүш айылында туулган. Төкмө акын, жазма акын, обончу, аткаруучу, дастанчы, манасчы катары элге таанылган. Анын ырчы, обончу катары «Булбулум», «Аруузатым», «Жалгыздыктан тажап бүттүм», «Коштошуу вальсы», «Мунарым», «Балкыма» аттуу чыгармалары белгилүү. Акын 2020-жылы 20-апрелде оорудан улам 42 жашында көз жумган.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here