Баткенде билим берүү кызматкерлеринин август кеңешмеси өттү

0
166

Билим берүү кызматкерлеринин өткөн окуу жылындагы натыйжалар менен көйгөлөрүн талкуулап, жаңы окуу жылына даярдык көрүү максатын көздөгөн август кеңешмеси,  Билим берүү жана илим министринин орун басары Лира Самыкбаева, Президенттинин Баткендеги өкүлүнүн орун басары Жаныбек Исаковдордун жетекчилиги астында өттү.

Иш чарага  жергиликтүү  мамлекеттик админстрациялардын, Юнисеф, Мерсико уюмдарынын  өкүлдөрү,  билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилери,  облустагы жалпы билим берүү кызматкерлери катышты.

Иш чаранын жүрүшүндө  Мерсико эл аралык уюмунун мамлекеттик уюмдар менен иштөө боюнча менеджери Саадат Саттарова, БУУнун азык-түлүк программасынын алкагында окуучуларга ысык тамак уюштуруу боюнча алдыңкы  айыл өкмөт башчыларына сыйлыктарды тапшырды.

Бул күнү облустагы алдыңкы мугалимдер министрликтин, облустук бийликтин сыйлыктарына татыды.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here