Баткен облусунун аймагында бир жума ичинде 15 мас айдоочу аныкталды

0
130

Бул тууралуу облустук милициянын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти. 

Маалыматка караганда, 19-августтан 25-августка чейин облус аймагында жол эрежелери бузулган 877 факт аныкталды.

Алардын ичинен:

— тийиштуу документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу — 22 учур:

— мас абалында автотранспорт каражатын башкаруу — 15 учур;

— белгиленген ылдамдыктан ашырып айдоо — 238 учур;

— мыйзамсыз терезелерин карангылатып алуу — 3 учур;

— башка жол эрежелерин бузуу фактылары — 599 учур.

Ошондой эле 49 унаа айып короого токтотулду.

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here