Баткенде уурулук жасаган жаран Бишкектен кармалды

0
1927

Баткен шаарынын 35 жаштагы тургуну унаа оңдоочу жайына келген “Honda Odyssey” үлгүсүндөгү кардардын унаасын жана “Launch” аталышындагы диагностикалык аппаратын белгисиз жарандар 15-декабрь күнү түн ичинде уурдап кеткендигин билдирип, жабырлануучуга унаадан башка дагы 300000 (үч жүз миң) жакын материалдык чыгым болгонун билдирип, арыз менен кайрылган.

Бул факты Баткен ШИИБдин КБРне Кыргыз Республикасынын кылмыш жаза кодексинин 211-беренеси 205-беренесинин негизинде катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Баткен ОИИБдин жана Баткен ШИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан ыкчам-иликтөө иш-чаралары уюштурулуп, Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун 22 жаштагы Т.Н. аттуу тургуну Бишкек шаарынан аныкталып, кармалып, Баткен шаарына алынып келип, убактылуу кармоо жайына киргизилди.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here