Өлкөдөгү мектептер офлайн форматка өттү

0
1745

Бүгүнтөн тарта Кыргызстандын аймагындагы бардык мектептер салттуу режимге өттү. Эгерде окуучулардын 20 пайыздан көбү ден соолугуна байланыштуу мектепке келбей жатса, окуу кайрадан онлайн режимине өтөөрүн, Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты.
Сасык тумоо күчөгөнүнө байланыштуу өлкө аймагындагы мектептер 15-декабрдан 24-декабрга чейин онлайн окууга өткөн.

Баткен облусунда 234 мектеп бар. Облуста учурда онлайн окуу журуп жаткан мектептер бар. Алар Баткен районунда эки мектеп, Лейлек районунда бир мектеп. Бул мектептер тажик тараптын кол салуусунан жараксыз абалга келгендиктен, окуу онлайн форматта журуп жатат.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here