Президент Баткенде чек ара айылдарындагы үйлөрдүн курулушунан кабар алды

0
3045

Президент Садыр Жапаров Баткен районунун чек арага жакын жайгашкан Ак-Сай жана Капчыгай айылдарындагы турак- жайлардын курулушунун жүрүшү менен таанышты

Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 24-декабрда, Баткен облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында үстүбүздөгү жылдын 14-17-сентябрында кайгылуу окуялардын кесепетинен жергиликтүү тургундардын үйлөрү талкаланган Баткен районунун Ак-Сай жана Капчыгай айылдарына барды.

Мамлекет башчысы турак- жайлардын курулушунун жүрүшү менен таанышты, учурда Ак-Сай айылында 51 турак-жайда курулуш иштери жүрүп жаткандыгы тууралуу маалымат алды. Бардык үйлөрдүн пайдубалын түптөө иштери бүткөрүлүп, 17 үйдүн дубалы, 5 үйдүн чатырын жабуу аяктады. 14 үйдө дубалдарын, ички ремонтун бүткөрүү иштери жүрүп жатат.

Турак-жайларды кароо учурунда Садыр Жапаров каргашалуу окуянын кесепетинен уулунан ажыраган жергиликтүү тургундардын биринин жаңы курулуп жаткан үйүнө кирип, курулушунун сапатын жана жашоо үчүн бардык зарыл болгон бардык шарттар бар экендигин көрдү. Ал жерде маркумдун жакындарына көңүл айтып, куран окуду.

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here