Кадамжайда мыйзамсыз трансформацияланган жерлер жетекчилерге да берилген

0
2221

Кадамжай районунун Марказ айыл аймагында 95 гектар жер тиркелери мыйзамсыз трансформациялоо фактысы боюнча кылмыш иши козголду. УКМКнын басма сөз кызматынан билдиргендей, Марказ айыл аймагында 2017-жылы 581 жаранга үй куруу үчүн 95 гектар жер мыйзамсыз трансформацияланган. Бөлүштүрүлгөн жерлер айрым муниципалдык мекемелердин жана укук коргоо органдарынын жетекчилерине берилген. Ыкчам иликтөө иш-чаранын жүрүшүндө аталган жер тиркелери Марказ айыл аймагына кирбеген административдик аймактын жашоочуларына дагы берилип кеткендиги аныкталган.

Учурда жер тилкелерин мыйзамсыз берүүгө тиешеси бар кызмат адамдарын аныктоо боюнча тиешелүү иш-чаралар жүрүүдө.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here