Баткенде эки жолу жер титиреди

0
908

14-ноябрдын таңына карай Баткен облусунун Лейлек районунун аймагында эки жолу жер титирөө катталды. Биринчиси таңы саат 04:07де катталып, очогундагы күчү 3,5 баллга жеткен. Анын күчү Ак-Суу, Коммуна айылдарында 3 балл, Жеңиш, Искра, Андарак, Таш-Булак айылдарында жана Раззаков шаарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөө ошол эле аймакта эртең менен саат 7:36да кайра кайталанып, очогундагы күчү 3 баллга жеткен. Экинчи жер титирөө Таш-Булак айылында 3 балл, Коммуна, Искра, Андарак айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген. Бул тууралуу Сейсмология институтунан билдиришти.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here