Баткен шаарында көмүрдүн баасы 12 сомго чыкты

0
369

Учурда Баткен шаарында Сүлүктү көмүрүнүн БР, же майдараак түрүнүн баасынын килограммы 9 сом, ал эми БК, же ири түрү 12 сомдон сатылууда. Бул маалыматты “Салам медиага” Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин  Баткен облусундагы бөлүмүнүн жетекчиси Арзыкул Дыканов тастыктады. 

Анын айтымында, көмүрдүн кенден чыккандагы баасы 5 сом 50 тыйындан. Жол  жана башка чыгымдары кошулуп, Баткен шаарына жеткенде баасы жогорулайт. Бүгүнкү күндө бааны турукташтыруу боюнча чечим кабыл алынганы турат. Эгерде чечим кабыл алынса ар бир көмүр сатылган базаларда чектөө баасы коюлат дейт жетекчи.

Арзыкул Дыкановдун маалыматына таянсак, жыл ичинде Баткенден  Өзбекстанга 300миң тонна көмур экспорттолгон. 26-октябрдан баштап көмүрдү экспортоо токтотулду, бул да бааны турукташтырууга өбөлгө болот дейт жетекчи. 

Белгилей кетсек, 2022-жылдын 24-октябрында Кыргыз Республикасынын аймагынан көмүрдү  автомобиль транспорту менен ташып чыгууга алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салуу киргизүү боюнча Министрлер кабинетинин токтому чыккан.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here