Муфтият “адал сертификаты” бар делген белги менен өндүрүлгөн азыктардын санитардык жагына жооптуу эмес экенин билдирди.
Муфтияттын маалыматы боюнча, мындай сертификаттын өзүнүн талаптары жана шарттары бар. Мисалы, кайсы бир ишкана өндүргөн азык-түлүгүнүн курамын текшертип, ал шарият нормаларына жооп берсе, ошого жараша «адал сертификаты» бир жылдык мөөнөткө берилет. Ал эми санитардык талаптарга Санэпидемстанция жооптуу болот.
2021-жылы Экономика жана финансы министрлиги «Адал индустриясы жөнүндө» мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарган. «Адал» сертификатын алуу үчүн өндүрүштүк ишкана атайын көзөмөлдөөчү органдардын каттоосунан өтүүсү шарт.