2-ноябрда Кытый кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышууда жабыр тарткан баткендиктер үчүн 100 миң АКШ доллар өлчөмүндө гуманитардык жардам көрсөтөт. Бул тууралуу Кыргыз тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь менен жолугушууда белгилүү болду.
14-17-сентябрда Тажикстандын куралдуу кол салуусунда Баткен облусунун Баткен жана Лейлек райондорунан 140 миңге жакын адам үйүн таштап коопсуз жайга кетүүгө аргасыз болуп, облус аймагында жалпы 661 үй жабыркаганы аныкталган. Анын ичинен 423 үй жашоого таптакыр жараксыз абалга келсе, 238 үй оңдоп-түздөөгө муктаж.