Улуттук банктан билдиришкендей, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы куралдуу кагылышууда жабыркаган насыя алуучуларга көмөк көрсөтүү үчүн финансы-кредит уюмдарынын жүргүзгөн иш аракеттерине мониторинг жүргузүлүүдө.
Ноябрь айына карата финансы-кредит уюмдарынан алынган маалыматтар боюнча аларга 372 карыз алуучу кайрылган, 18млн 883 миң сомго барабар болгон 268 кредит жоюлган, 20млн 885 миң сомго жеткен 64 кредиттин келишимдик шарттары өзгөртүлгөн. Же болбосо төлөм мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу менен жаңыдан график түзүлгөн.
Азыркы тапта да, Финансы Кредиттик Уюмдары жабыркаган карыз алуучулардан келип жаткан арыздарды карап жатат жана банк мыйзамдарына ылайык тиешелүү чараларды көрүшөт деп айтылат Улуттук банк тараткан маалыматта.