Бишкекте 11-13-ноябрь күндөрү самбо боюнча дүйнөлүк чемпионат өтөт. Бул чемпионат Кыргызстанда алгачкы жолу өткөрүлөт. Бул тууралуу дене тарбия жана спорт департаменти билдирди. Дүйнө чемпионатына 50гө жакын өлкөдөн 500дөй спортчу катышуусу күтүлүүдө.
Ошондой эле Эл аралык самбо федерациясынын президенти Василий Шестаков келет.