Белин сындырып алган туристти, куткаруучулар тоодон түшүрдү

0
373

Баткенде куткаруучулар белин сындырып алган нидерланддык туристти тоодон түшүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта, “Централ Азия Тур” туристтик фирмасы Өзгөчө кырдаалдар министрлигине Баткен районундагы Миң-Теке тоосунда турист бутун кокустатып, белин сындырып алгандыгын билдирип, жабыркаган жаранды коопсуз жайга түшүрүү үчүн тик учак сурап кайрылган.

Турист Нидерланддан келген 1986-жылы туулган Текстор Борис аттуу эркек киши болгон.

«Бишкек шаарынан ӨКМдин Авиациялык ишканасынын тик учагы саат 09:35те учуп чыгып, туристти алып түшүп, Ош шаарынын аэропортунда тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Тик учак саат 17:55те туруктуу жайгашкан ордуна келип конду», — деп айтылат маалыматта.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here