Беларусь республикасынын Жогорку соту Курманбек Бакиевди Кыргызстанга өткөрүп берүүдөн баш тартты. Бул тууралуу КРнын Башкы прокуратурасы маалымат таратты.
Беларусь соту, анын соттолушу саясий куугунтукка байланыштуу болгондугун белгилейт.
Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, Бакиев, соттун 2016-жылдын 29-июлундагы чечими менен мурдагы президент 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуяларга жана башка эпизоддорго байланыштуу 30 жылга эркинен ажыратылган.
Буга чейин «Мурдагы президентти жоопко тартуу өтүнүчү менен Беларуска төрт өтүнүч жөнөтүлгөн. Бирок Беларусь Республикасынын Жогорку соту арызды канааттандыруудан баш тартты.