Чолпон-Ата шаарында жаштар форуму өтүүдө

0
980

Чолпон-Ата шаарында көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин жана Евразия экономикалык биримдигинин “Келечек” биринчи жаштар форуму башталды. Форумдун ачылышына

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров жана Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович катышты.
Акылбек Жапаров, өз сөзүндө “Бул форум Кыргыз Республикасынын демилгеси менен Евразиялык экономикалык биримдиктин органдарында төрагалык кылуусунун алкагында өткөрүлүүдө. Жаштар форумун өткөрүү боюнча эстафета мындан ары да уланат деп ишенебиз. Бүгүнкү форум 500дөн ашуун катышуучуларды, жаштардын эң активдүү өкүлдөрүн чогултту, алардын арасында КМШ жана ЕАЭБ мейкиндигинде интеграцияга жана өз ара пайдалуу кызматташтыктын туруктуу өсүшүнө көп күч-аракетин жумшап жаткан адамдар бар”, — деди .

Форумга Кыргызстан, Казакстан, Россия, Азербайжан, Өзбекстандан, Белорусь жана Армениянынжаш өкүлдөрү катышууда.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here