КРнын Саламаттыкты сактоо министрлиги Кыргызстанда ЮСАИД уюмунун “Кургак учукту айыктыруу” долбоорунун техникалык колдоосу менен, Баткен облусунда кургак учукка каршы күрөшүү кызматына киргизилип жаткан комплекстүү реформалардын иштеши боюнча журналисттерге пресс тур уюштурулду.
Маалымат каражаттарынын өкүлдөрү, Баткен облустук кургак учук менен күрөшүү борборунда аталган кызматтын санариптешүүсү менен таанышып чыгышты. Алар, облустук консилиум бейтаптардын оору таржымалын онлайн режиминде карап жатканын көрүштү.
Ошондой эле, оорукананын кызматкерлеринин өз ара электрондук байланышын, бейтаптардын анализдерин жеткирүү системасын, ооруну аныктоодо лабороториялык кызмат көрсөтүүнүн сапатынын жогорулашын, кургак учуктун жаңы учурларын табуу иштеринин жүрүшү менен таанышышты.
Ал эми Кызыл-Кыя шаардык жалпы дарыгерлер практика борборунда, журналисттерге “Кургак учук учурун башкаруу” деп аталган бейтапка багытталган ыкма жөнүндө кеңири маалымат берилди.
Уюштурулган пресс турга республикалык жана аймактык ондон ашык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты.