Баткен облусунда жарандык коргонуу кызматтарынын катышуусунда атайын машыгуу өтүп жатат. Машыгууда башкы окуя – жер титирөө. Жер титирөөдөн жабыркаган жарандарды эвакуациялоо, жайгаштыруу жана ар тараптуу камсыздоо иш-чаралары жүрүүдө.
Машыгуунун планына ылайык, Алгач жер титирөө катталгандыгы боюнча маалымат түшүп, жарандык коргонуу кызматтары чогулду.Өзгөчө кырдаал учурунда жабыр тарткан жергиликтүү жарандар коопсуз аймакка көчүрүлүп, убактылуу жайгаштыруу пункттарына жайгаштырылды.
Программа боюнча, Кадамжай районунун аймагында 7,5 баллга жеткен жер титирөө катталып, 873 турак үй кооптуу абалга келген. Өзгөчө кырдаалды жоюу жана ыкчам чара көрүү максатында, жарандык коргонуу кызматтары менен кошо жергиликтүү элден 500 жаран тартылды. Облуста атайын штаб түзүлүп, облустук жана район-шаардык жарандык коргонуу кызматтары катышууда.