КРнын Билим берүү жана илим министрлиги облустардагы мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына конкурстук тандоонун жеңүүчүлөрүнүн тизмесин бекитти.
Ага ылайык Баткен облусунда 49 мектептин директорлору аныкталды.
Тагыраагы Кадамжай районунда 17, Баткен районунда 8, Баткен шаарында 4,Кызыл-Кыя шаарында 6,Сүлүктү шаарында 4,Лейлек районунда 10 мекептин директору белгилүү болду.
Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Сынактын жеңүүчүлөрүнүн тизмеси:[embeddoc url=»https://salammedia.kg/wp-content/uploads/2022/08/winners-20220822-1812.pdf»]
Ошондой эле директор кызматы бош орун болгон мектептердин тизмеси аныкталды.
Ваканттык орундарга кайрадан сынактык тандоо өткөрүлөт. Конкурс өтө турган күндөр тууралуу кошумча маалымат берилет.