Баткен шаарындагы мал базар жана автовокзал жылдырылат

0
1071

Баткен шаарынын башкы планы боюнча базарларды, автовокзалды жылдыруу иштери башталган. Ага ылайык Чет-Булак кварталына шаардык мэриянын каражатынан муниципалдык мал базар куруу иши жүрүп жатат. Мал базар ушул жылдын аягына бүткөрүлүп пайдаланууга берилет. Базарда атайын унаа токтотуучу жай каралган.

Ал эми автовокзал Баткен шаардык аэропортунун күн чыгыш тарабына курулат. Учурда жери аныкталып, долбоорлоо иши бүткөрүлгөн. Жакынкы аралыкта курулушу башталат. Ал жерде да унаа токтоотучу жайы каралган.

Бул аракеттер менен, шаардын негизги көчөлөрүндөгү автоунаа тыгындары азайып, шаардыктар үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарт түзүлөт деп айтылат, мэрия тараткан маалыматта.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here