Буга чейин белгилүү болгондой, Россия Федерациясынын Ульяновск облусунда болгон жол кырсыктан каза болгон 14 мекендешибиздин сөөгү кечээ 23-августта Кыргызстанга алынып келинген. Анын бешөө Баткен облусунун тургундары.
Маркумдардын сөөгүн Ош аэропортунан Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, КР Өзгөчө Кырдаалдар Мининстри Бообек Ажикеев Баткенге коштоп келишкен.
Жетекчилер мекендештердин сөөгүн үйлөрүнө жеткирип, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтышты.
Бүгүн 24-августта маркумдарды акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүүдө. Бул тууралуу облустук бийликтен билдиришти.
Ошондой эле шейит кеткендердин ар биринин үй-бүлөсүнө өлкө башчысы Садыр Жапаровдун атынан 300 миң сом материалдык жардам берилди.
Мындан сырткары жергиликтүү бийлик тарабынан да акчалай жардамдар көрсөтүлдү.
Эске салсак, 21-августта Орусиянын Ульяновск облусунда 14 кыргызстандыктын өмүрүн алган авто кырсык катталган. Дагы үч жаран жараат алып, ооруканага түшкөн.
Орусиядагы элчиликтин маалыматында жараат алган жарандардын экөө жалпы палата которулган. Бирөө жандандыруу бөлүмүндө.