Баткен шаарына таштандыларды иргелеп таштоочу урналар орнотулат

0
477

Жакынкы аралыкта шаардын коомдук жайларына таштандыларды иргелеп таштоочу урналар орнотулат. Каражаты чечилип, жерин аныктоо иштери жасалууда. Бул тууралуу маалымат мэриянын фейсбуктагы баракчасында жарыяланды.

Мындан сырткары Баткен шаардык мэриясы жергиликтүү бюджеттин эсебинен кварталдарга таштанды үкөктөр үчүн аянтча жасап, 60 даана чоң көлөмдөгү таштанды үкөктөрүң сатып алып жайгаштырган.

Ал эми «Баткен Тазалык» ишканасы шаар аймагындагы таштандандыларды белгиленген график боюнча тазалап, 15 күндө бир ирет урналарды жууп турат.

Белгилеп айтсак, 2022-жылдын июль айында шаардык мэрия тазалык ишканасына таштанды ташуучу 1 атайын автоунаа сатып берген деп айтылат маалыматта.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here